Чалчык-Булак көрүстөнү
Көрүнүш
Чалчык-Булак көрүстөнү – эрте темир дооруна таандык археологиялык эстелик. Соңкөлдүн түндүк-чыгыш тарабында Чоңдөбө, Байтыбулак, Көкбулак эстеликтерине жакын саздуу жерде жайгашкан. Мүрзөлөрдөн жана маркумду эскерүүчү таштулга, сегизташ эстеликтеринен турат. Мүрзөнүн бириндеги аялдын баш сөөгүнөн байыркы оорунун белгилери баамдалган. Сегизташ эстелигинен көмүлгөн адамдын биринчи жолу сөөгү табылган. 1998-жылы Кыргыз тарыхчылар жамааты менен Түрк тарых курумунун археологиялык экспедициясы тарабынан изилденген.
Адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.