Чалыр көз

Википедия дан

Чалыр көзкөздүн координациялык кыймылынын бузулушу; мында бир көздүн көрүү огу кыйшайып кетүүсүнөн адамдын эки көзү бир багытты карай албай (бирөө буюмду, экинчиси башка жакты карайт) калат. Анын пайда болушуна борбордук нерв системасынын тубаса жана кийин пайда болгон сезгенүү же майып болушу, көрүүнүн өтө начарлашы себеп болот.

Айрым учурда түрдүү жугуштуу оорудан (кызылча, кептөөр, Сасык тумоо, скарлатина жана башкалар) кийин да болушу мүмкүн. Ошондуктан мындай оору менен ооруган убакта көп окууга болбойт. Чалыр көз бала 2—3 жашында, көз булчуңдардын бирдиктүү иши калыптануу мезгилинде өнүгөт. Көз булчуңдарынын бирдиктүү ишинин бузулушу мээнин травмага учурашы, катуу коркуу, көздүн оптикалык жетишсиздигинен (алыстан, жакындан начар көрүү) өнүгөт. Мындай учурда оорулуу каалаган жакка карай албайт, бир буюм кош көрүнөт, көңүлү айныйт. Кош көрүнүүнү азайтуу үчүн башын бир жакка кыйшайтып басууга мажбур болот. Эгерде көздүн булчуңун кыймылга келтирген үч нервдин баары сезгенсе, көз такыр кыймылдабай калат, үстүңкү кабак көтөрүлбөйт, көздүн кареги чоңоёт. Мындай учурда оорулууну невропатолог текшерип дарылайт. Көздүн тунук кабыкчасын ак басып калса, көздүн чечекейи бозоруп же көздүн тор кабыкчасы менен көздүн тамыры сезгенсе да Чалыр көз болот. Бирок мында көздүн кыймылы өзгөрбөйт. Көздүн чалырлыгы дайыма же мезгили менен кезектешип улам бир көзгө өтүп турат. Оорулуу адам соо көзү менен гана көрөт. Чалыр көзү көрүүгө катышпагандыктан акырындап анын көрүү жөндөмдүүлүгү начарлайт. Дарылоо канчалык эрте башталса, ошончо натыйжалуу болот. Балада Чалыр көз байкалар замат врачка көрсөтүү керек. Эгерде чалырдык көздүн оптикалык жетишсиздигинен пайда болсо оорулууга көз айнек берилип, ал чалырдыктын түзөлүшүнө көмөк болот. Көз айнекти бир жарым, 2 жыл тагынуу жардам бербесе операция сунуш кылынат. Операцияны 4—6 жашта жасаткан оң. Атайын көнүгүүлөр жасалат. Көз чалырлыгын жоюу көптөгөн айларга, жылдарга созулат. Баланын эне-атасы чыдамкайлык менен дарыгердин айткан сунуштарын так аткарып туруусу зарыл.

Оорунун алдын алуу үчүн көрүүнүн начарлашы сезилери менен врачка кайрылып, убагы менен текшерилип туруу талапка ылайык. Таза абада сейилдөө, керектүү көнүгүүлөрдү жасоо, желдетилген бөлмөдө уктаган жакшы. Балдардын туура тамактанып, эс алуусуна көңүл буруу, ден соолугун чыңдоо керек.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8