Чанач, ашуу

Википедия дан

Чанач ашуусу - Чаткал кырка тоосунун орто бөлүгүндө. Бийиктиги 3408 м. Ашуудан Чанач суусу башталат. Түн бети жантайыңкы, нивалдык сейрек өсүмдүктөр кездешет, түштүгү тигирээк, жылаңач. Белинде өсүмдүк жок. Ашуу май-октябрь айларында ачык. Фергана жана Чаткал өрөөндөрүн байланыштырган автожолу өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]