Чана тебүү

Википедия дан
Чана спорту‎»‎ барагынан багытталды)
Чана тебүү

Чана тебүү — кышкы оюн-зоок.

Чана тепмей[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз эл оюндарынын бири. Карда жана музда жылгаяктап жүрүп ойнолуучу оюндардын катарына кирет.

Тартиби[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 3—5 киши. Оюн чоң дөбөдө өткөрүлөт. Оюнда чаналар колдонулат.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар дөңгө чыгышып, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат. Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден чанааларга отурушуп, колдору менен катуу түртүнүшүп, алыстыкка тайгаланып барууга аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Чанада алыстыкка тайгаланып барган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чанада отурган оюнчуну түртүп, алыстыкка тайгалантуу, чанада отурушуп, колдор менен түртүнүшүп алыстыкка тайгалануу.

Эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдор менен бир жолудан ашык түртүнүүгө, бир бирине жардам берүүгө, тоскоолдук кылууга, мурдагы тайгаланган оюнчу, тайгалануучу жерди бошотмоюнча, тайгаланууну баштоого, оюндун кезегин бузууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, шамдагайлыкка тарбияланат, туруктуулукка, тең салмактуулукту сактоого, чечкиндүүлүккө үйрөтөт.

Чана спорту[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чана спорту — спорттун кышкы олимпиялык түрү; чана менен атайын трассада өтө тез түшүү.

Спорттун бул түрүндө 1 (салмагы 22 кг) жана 2 (салмагы 26 кгта чейин) орундуу чана (ийкем, ыкчам жана керме боосу бар) менен атайын жасалма (муз төшөлгөн) же табигый жол менен түшөт. Алгач скелетон (башты алдын көздөй каратып жатуучу), кийин бобслей (кол менен башкарылуучу оор чана), акыры тобоган (азыркы спорттук чананын түрү) колдонулган. Спорттук чананын тайгаланчу бөлүгүнүн калыңдыгы 15 см, уз. 124-150 см (кишинин боюна жараша). Спортсмен чанага чалкасынан жатып, чананын тайгаланчу бөлүгүнүн ийилген жеринен керме боосу менен башкарат. Чана спорту боюнча алгачкы мелдеш 1883-ж. Швейцарияда өткөрүлгөн, ага 8 өлкө катышкан. Чана спортунун Эл аралык федерациясы 1957-ж. негизделген. Чаналардын чоңдугу федерация кабыл алган эрежелерге ылайык жасалат. Чана спорту 1964-ж. Олимпиялык оюндардын программасына кирген, 1955-жылдан дүйнөлүк чемпионатп өткөрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
  • "Кыргыз эл оюндары" китеби Х. Н. Анаркулов. Кыргыз эл оюндары. -Ф.: 1981, ISBN-10(13):5-65500669-3