Чапкы

Википедия дан

Чапкы - табигый жана эгилме чабындынын чөбүн чабуучу машина.

Өзү жүрмө, асма же чиркеме түрлөрү бар. Тракторго асма же өзү жүрмө Чапкы көп колдонулат. Негизги тетиктери: тракторго асылма же өзү жүрүүчү шасси, рама, кескич аппараттары менен аны көтөрүп, түшүргүч механизм, кабина жана кыймылга келтирүүчү механизм. Анын негизги жумушчу органы - кескич аппараты. Кескич аппаратынын санына жараша бир же көп чапкылуу болуп айырмаланат. Көбүнчө өзү жүрмө 5 чапкылуу (СКП-10), чиркеме 3 чапкылуу (КТП-6,0), асма 3 чапкылуу (КМБ-6) жана жарым асма 2 чапкылуу (КДП-4) Ч-лар пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4