Чарлз Дарвин

Википедия дан
Чарлз Дарвин (1859/1860)

Чарлз Роберт Дарвин - Англиялык улуу окумуштуу - биолог, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн келип чыгышы жөнүндөгү эволюциялык окуунун негиздөөчүсү.

Өмүрү таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал 1809-жылы 12-февралда Шрусбери шаарында врачтын үй-бүлөсүндө туулган. Бала кезинен эле минералдардын,өсүмдүктөрдүн жана курт-кумурскалардын коллекцияларын жыйнап,балык кармап,аң уулоого кызыккан. Мектепте окуп жүргөндө өзүнүн сүйгөн кесибин таштабастан,табияттын сырларын ачууга,канаттуулар менен өсүмдүктөрдүн жашоо тиричилигин байкап үйрөнүүгө,билим алууга умтулган. Агасы экөө химия боюнча тажрыйбаларды жасашкан.

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1825-жылы Дарвин Эдинбург университетинин медициналык бөлүмүнө кирген,бирок окуусун уланта алган эмес. Дин кызматчысын даярдай турган Кембург университетине кирип,аны 1831-жылы ийгиликтүү аяктагандан кийин саякатка жөнөп бара жаткан "Бигл" кемесине натуралист болуп орношкон.

Экспедициясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жер шарын айланып чыккан бул экспедиция 5 жылга созулган. Жашоо шарттарына жараша өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн алмашуусун байкоо менен геологиялык түзүлүштү,флораны жана фаунаны изилдеген ар түрдүү коллекцияларды Англияга жөнөткөн. Түштүк Америкадагы кырылып жоголгон жаныбарлардын калдыктарын изилдеп,азыркы убактагы жашаган жаныбарларга жакындыгын,түрлөргө окшоштугун болжолдогон. Антропология жана этнография боюнча эң көп байкоолорду жүргүзгөн.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экспедициядан кайтып келгенден кийин Чарлз Дарвин жыйнаган коллекцияларын бир топ окумуштуулардын жардамы менен иштеп чыккан жана саякаттын жыйынтыктары жөнүндө бир нече китептерди жазган. Изилдөөлөр күндөлүгү (1839), Коралл рифтеринин түзүлушү жана бөлүнүшү (1842), Жанар тоолуу аралдарга геологиялык байкоо жүргүзүү (1844), Түштүк Америкага геологиялык байкоо жүргүзүү (1846), Табигый тандоо жолу менен түрлөрдүн келип чыгышы, же тиричилик үчүн күрөшүүдө тукумдардын сакталышы жөнүндө (1859) деген гениалдуу эмгектеринде ал өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын түрлөрү туруктуу болбостон, дайыма өзгөрүп турарын, азыркы түрлөр табигый тандалуунун негизинде мурдагы жашаган түрлөрдөн келип чыккандыгын аныктаган. Колдо өстүрүлгөн жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн өзгөрүшү (1868), Кишинин келип чыгышы жана жыныстык тандоо (1871), Бигл кемеси менен дүйнө жүзүн дүйнө жүзүн кыдырып саякат кылуу деген эмгектеринде окумуштуу саякаттаган өлкөлөрдүн жаратылышына,калкына жаныбарлары менен өсүмдүктөрүнө болгон байкоолорун өтө кызыктуу сүрөттөп жазган. Чарлз Дарвин ботаникадан "Өсүмдүктөр дүйнөсүндөгү кайчылашып чыңдашуу жана өзү менен өзү чаңдашуу", зоологиядан "сөөлжандар" жөнүндө да эмгектерди жазган.

Өмүрүнүн акыркы мезгили[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал 1882-жылы 19-апрелде дүйнөдөн кайткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарвин Чарлз Роберт // Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Т.2.-Ф.,1977.-Б.288; Дарвин азыркы кездеги эволюциялык окуунун негиз салуучусу // Веселов Е.А. Дарвинизм негиздери.-Ф.,Кыргызокуупедмамбас.-1962.-Б.40-44;Мелышков М.И.; Шибанов А.А.;Корсунская В.М. Дарвинизм негиздери.-Ф.:Кыргызмамбас,-1952.-Б.31-35.