Чаткалым (күү)

Википедия дан

«Чаткалым» (автору Ш. Жоробекова) - күү.

Жыгач ооз комуз күүлөрүнүн чебери Шакен Жоробекова күүнү ансамблдык аткаруучулар үчүн иштеп чыгып, улут рухуна жаңылык киргизген. Шекербек Шеркулов, Жумалы Сейдалиев күүнү композиторлор бирлигинин музыкалык казынасына тапшырган, кыргыз радиосунун “Алтын казынасына” ооз комузчу Сүйдүм Төлөкөва өткөргөн.

Күү кылымдарды карыткан Чаткал аймагынын карт тарыхы, кооз табиятын баяндайт. Күүнүн тарыхы: “Тээ абалкы заманда Чаткал өрөөнүнө эл батпай, жайлоолору малга толуп чалкып жаткан мезгилде, колунан кетмени түшпөгөн баба дыйкан суу жетпеген жерлерге суу чыгарып, жерди иштетип, гүлдөтүп жиберген экен. Ал заманда өрөөндүн элин Күлбөс хан жана Жанчар хан деген хандар башкарып, бийлик, байлык үчүн ич ара доолашып, бири экинчисинин малына тийип, элин чаап, ортодо бейкүнөө адамдар кырылып, жапа чеккен дешет. Күндөрдүн биринде баласы жок Жанчар хандын токолу уул төрөйт.

Кубанычы койнуна батпаган хан кулак угуп, көз көргөн жерлерге кабар берип, чоң той өткөрмөкчү болот. Ошентип, той камылгасы жүрүп жаткан учурда бийлик талашып жүргөн бир увазири жаңы эле төрөлгөн ымыркайды жаңы туулган иттин күчүгү менен алмаштырып коёт Тойго келген жумурай журтка абийири күлдөй төгүлгөн хан аялын күчүк менен кошуп, кирип турган дарыяга ыргыттырып, өзү болсо бүк түшүп жатып калат. Өмүр бою күлмөк тургай, жылмайып көрбөгөн Күлбөс хан ошондо боорун тырмап, каткырык салып, күнүлөш ханды биротоло күйүткө салат. Андай адилетсиздикке адам эмес жаратылыш чыдай албайт: жер чайпалат, тоо урайт, шаарлар кыйрайт. Бүтүндөй бир өлкөнү аймагына батырган “Чат” өрөөнү суу астында калат. Түмөн түрүлгөн калың журттан аман калгандары аргасыздан жер оодарышат. Алардын арасынан ак сакалын жайкалткан карыя туу жонго чыгып, айланасына абай салып, туулуп өскөн турагын кыйбай көз жашын көлдөтөт: “Оо, касиетиңден айланайын туурум, турагым - “Чат!”.

Биз кетип баратабыз, сен жакшы кал! Укум-тукумубуздун уюткусу бузулбаса кайрылып кайта келербиз”-деп кош айтышат экен. Ошондон улам кийинки урпактар бул аймакты “Чаткал” атап калышкан экен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6