Мазмунга өтүү

Чаткал геологиялык экспедициясы

Википедия — ачык энциклопедия

Чаткал геологиялык экспедициясы 1980-жылы Түндүк Кыргызстан жана Түштүк Кыргызстан геологиялык экспедицияларынын бир нече геологиялык чалгындоо жана кен издөө партияларынын базасында түзүлгөн.

Негизги милдети - Терек-Сай сурьма ишканасың руда менен камсыз кылуу үчүн кен издөө жана чалгындоо болгон. Экспедиция түндүгүнөн Талас Ала-Тоосу, чыгышынан Нарын дарыясы, батышы менен түштүгүнөн Кыргызстандын чек арасына чейинки аймактарды, атап айтканда Чаткал, Чандалаш кырка тоолорун, Терек-Сай, Чаткал өрөөндөрүн изилдеген. Ак-Терек кыштагы ж.б.жерлерде базасы болгон.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6