Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы - райондук мамлекеттик аткаруу бийлик органы.
- 1991-жылы уюшулган.
Мамлекеттин социалдык, экономикалык, маданий өнүгүүсүнүн аймактык программаларын иштеп чыгат, ишке ашырат: жергиликтүү бюджеттин долбоорун түзөт, анын аткарылышын уюштурат.
Райондогу бардык эмгек жамааттары, коомдук бирикмелер, аймактык башкаруу органдары менен өз ара тыгыз байланышта иштейт. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясын - Администрация башчысы-аким жетектейт. Райондун акимине талапкерди Кыргыз Республикасынын Премьер-Министри айылдык кенештин депутаттарынын кошмо жыйынына сунуш кылат. Кошмо жыйындын көпчүлүк добушун алган талапкер КРнын Премьер-Министринин буйругу менен дайындалат.
Райондук администрацияны жетектегендер: Акматов Кубаныч (1991-94), Камчыбеков Равшанбек (199496), Бүргөбаев Болот (1996-98), Мамбетов Мукаш (1998-2000), Төрөев Мамарасул (2000-02), Касымалиев Ажыбек (2002-05), Досбаев Ыманберди (2005), Орозов Талантбек (2005-07), Эгамбердиева Жумагүл (2008-10), Таласбай уулу Акматбек (2010-13), 2013-жылдан Эшалиев Канжарбек - райондук администрация башчысы-акими.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6