Чаткал райондук медициналык мекемелери
Көрүнүш
Чаткал райондук медициналык мекемелери район боюнча 124 орундуу 3 оорукана (райондо 1936-ж.Жаңы-Базар айылында алгачкы 12 орундуу оорукана уюшулган), Сумсар айылында 40 орундуу, Терек-Сайда 20 орундуу жана Шакафтар айылында кургак учук менен ооругандарга поллиативдүү жардам көрсөтүү республикалык ооруканасы, 3 айылдык врачтык амбулатория (Айгыр-Жал, Жаңы-Базар, Башкы-Терек айылдарында), 7 фельдшер-акушердик пункт иштейт.
- 1980-жылы Жаңы-Базар айылында райондук борборлоштурулган оорукана катары уюштурулган,
- 1996-жылдан Каныш-Кыя айылына көчүрүлгөн.
- 2001-жылы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жана аймактык оорукана болуп бөлүнгөн.
- 2006-жылы райондук жалпы дарыгерлик практикалык борбору болуп түзүлгөн, анын карамагына 6 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 7 фельдшер-акушердик пункт кирет.
- Анда терапия, хирургия, төрөт, гинекология, балдар бөлүмдөрү иштейт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6