Чаткал районунун № 27 жол тейлөө ишканасы
Көрүнүш
Чаткал районунун № 27 жол тейлөө ишканасы 1980-жылы түзүлгөн. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине карайт.
- Райондун аймагындагы жол бөлүктөрүн тейлөөчү, транспорт каттамы үчүн жол коопсуздугун камсыз кылуучу ишкана.
- Жалпысынан 218,7 чакырым жолду карайт.
- Анын ичинен 177,7 км Ала-Бука-жаңы-Базар-Кировка республикалык маанидеги мамлекеттик, 41чакырым райондун ичиндеги жергиликтүү жолдор тейленет.
- Рават, Көк-Кыя, Чапчыма ашуусунда (ДРП 1,2,3) жумушчу-механизаторлор жашап-иштегенге ылайыкташтырылган үйлөр салынган.
- Учурда ишканада 32 адам эмгектенет.
- Бульдозерчи К. Досматов “Даңк” медалы менен сыйланган (2009).
- Ишкананы А. Ташанов (1980-86, 1993-97), А. Ташбалтаев (1986-87) , А. Ормошев (1990-91), А.Базаралиев (1997-2003), У.Наралиев (200305), Д.Кочкоров (2005-08), Ж.Накетаев (2008-13), 2013-жылдан М.Жоошев жетектейт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6