Мазмунга өтүү

Чаткал токой чарбасы

Википедия — ачык энциклопедия

Чаткал токой чарбасы токойду коргоо, калыбына келтарүү жана токой өндүрүшүн жөнгө салып башкаруу максатында 1975-жылы Чаткал механизациялаштырылган токой чарбасы, 1979-жылдан Беш-Арал мамлекеттик коругу, 1994-жылдан Чаткал токой чарбасы болуп уюштурулган.

Жеринин жалпы аянты 44641,2 миң га, анын ичинен токойлуу жердин аянты 19729,7 миң га. 3 токой бөлүмүнөн турат: Чаткал токой бөлүмү (17113,1 га), Башкы-Терек (22355,8 га), Чаткал (16700 га), Терек-Сай (5172,3 га) токой бөлүмдөрүнөн туруп, 27 кызматкер эмгектенет.

Токой чарбасын алгач уюшулганда Приходько, Нурак Муназараев, Н. Жапаров ж.б. жетектеген. К. Анарбеков, Д. Барпиев, К. Эгембердиевдер айлана-чөйрөнү коргоонун мыкты кызматкери наамын алган. Чаткал токой чарбасында Р.Нематулаев, А.Сапарбеков, А.Ормонов, Э.Сейталиев, К.Эшалиев, К. Арзыкулов, Д.Барпиев жетектеген.Учурда Н.Жолдошев жетектейт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6