Мазмунга өтүү

Чат (термин)

Википедия — ачык энциклопедия

Чат (термин)

1) дарыянын башка бир дарыяга, деңизге, көлгө (суу сактагычка) куйган жери. Дарыя төмөнкү агымында көлгө, деңизге жетпей сугат каналдарына бөлүнүп кеткен же соолуп калган жер да Чат деп аталат. Чаттын типтери: жөнөкөй (нугу салааларга бөлүнгөн дарыялар, мис., Тибр д.), дельта (Нил), эстуарий (Темза), лимая (Түштүк Буг) ж. б.;

2) Эки ача болуп бөлүнүп кеткен тоонун жогорку ажыраган бөлүгү, төр жагы. «Чат» термини топоним же анын бир компоненти катары да кеңири таралган; мис., ЧатБазар, Чат-Көл кыш. ж. б.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4