Чахатт Кханна
Чахатт Кханна
| |
| | |
| Туулган датасы: | |
|---|---|
| Туулган жери: | |
| Жарандыгы: | |
| Кесиби: | |
| Карьерасы: |
2005 — азыркы учурда |
| IMDb: | |
Чахатт Кханна (англ. Chahatt Khanna; мурдагы ысымы Чахатт Кханна Мирза — англ. Chahatt Khanna Mirza[1]) — Индиялык актериса, хинди тилиндеги индиялык тасмаларда жана телесериалдарда роль жараткан. «Башталышы жакшы» аттуу драмада Аиша Шарманын образын, ал эми «Макулдук» телесериалында Нида Бегтин ролун аткарганы менен белгилүү.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чахатт өзүнүн чыгармачыл карьерасын 16 жашында баштаган. 2002-жылы ал биринчи жолу Cadbury жарнамасына Прадип Саркар менен тартылган. Алгачкы телешоусу да 2002-жылы чыккан, ал «Sachi Baat Sabhi Jag Jane» деп аталган. Кино тармагындагы биринчи чоң ийгилиги «7½ Phere» тасмасы менен байланыштуу. Ошол эле жылы «Фильм» аттуу триллерде роль ойногон, анда киноактёрлордун жашоосу чагылдырылат.2005-жылы Чахатт «Hero — Bhakti Hi Shakti Hai» сериалында эпизоддук роль жаратып, ханыша Майранын образын ойногон.
Кийинчерээк «Sony TV» каналынын «Kajjal» аттуу телешоусунда да пайда болгон.
2009-жылы Чахатт «Ek Main Ek Tum» тасмасында, андан соң MTV каналынын «Stuntmania» долбоорунда «Топтун лидери» аттуу тасмада роль жараткан.
Тасмаграфиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Жылы | Аталышы | Ролу | Эск. |
|---|---|---|---|
| 2005 | Фильм | Анкита Кулкарни | |
| 2005 | 7½ Phere | Пияали «Пия» Йоши | |
| 2010 | Ek Main Ek Tum | Чахат | |
| 2011 | Рахмат | Канишка | |
| 2019 | Prassthanam | Палак | |
| 2023 | Yaatris | Сонам |
Жеке жашоосу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кханна 16 жашында бизнесмен Бхарат Нарсингхани менен таанышкан. Жуп алты жыл сүйлөшүп, 2006-жылдын декабрында үйлөнүшкөн. Бир нече айдан кийин алар ажырашып кетишкен, ал эми актриса Нарсингхани жана анын үй-бүлөсү ага физикалык жана эмоционалдык зомбулукка көрсөткөнүн айткан[2].
2013-жылдын 8-февралында Болливуд жазуучусу Шахрукх Мирзанын уулу Фархан Мирзага турмушка чыккан[3]. Түгөйлөрдүн эки кызы бар[4][5]. 2018-жылы Кханна сексуалдык жана психологиялык кысым көрсөтүлдү деген негиз менен ажырашууга арыз берген[6]. Турмушка чыккандан кийин Чахатт ислам динин кабыл алган, бирок ажырашкандан кийин кайра индуизмге кайткан[7][8][9].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Qubool Hai: Chahat Khanna Mirza aka Nida to be the villain in Aahil and Sanam's love story! Watch video (26 -июнь (кулжа) 2014).
- ↑ A wife-beater will never change (4 -август (баш оона) 2007). Текшерилген күнү 27 -июнь (кулжа) 2018.
- ↑ The big fat TV weddings, Hindustan Times (7 -февраль (бирдин айы) 2013). Текшерилген күнү 28 -март (жалган куран) 2016.
- ↑ Chahatt Khanna invites her estranged husband Farhan Mirza on her daughter's birthday (13 -сентябрь (аяк оона) 2018).
- ↑ Bade Achhe Lagte Hain actress Chahatt Khanna Mirza blessed with a baby girl (16 -декабрь (бештин айы) 2017).
- ↑ Chahatt Khanna: I was sexually and mentally abused by my husband (19 -ноябрь (жетинин айы) 2018).
- ↑ Chahatt Khanna Is 'Thankful' She Returned To Sanatana Dharma After Converting To Islam: Was Told Not To Worship My God - EXCLUSIVE (22 -октябрь (тогуздун айы) 2024).
- ↑ Chahatt Khanna says she was brainwashed into converting to Islam by ex Farhan Mirza: Was told 'don't worship your God' (24 -октябрь (тогуздун айы) 2024).
- ↑ 'Asked Me To NOT Worship My God, Was BRAINWASHED': Chahatt Khanna Opens Up On Converting To Islam For Ex Husband Farhan Mirza (23 -октябрь (тогуздун айы) 2024).
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Чахатт Кханна (англ.) Internet Movie Database сайтында
- Chahatt Khanna Mirza Twitter сайтында
