Чегиш

Википедия дан

Чегиш"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, Жазира, Жемсинин каны. Алтайда Жакыпты пааналап жакын турган беш-алты түтүн каңгылардын баатыры. Нескаранын колу келатат деп Байдан уккан Жакып Ч-ке кабар жиберет. Көкөтөйдүн ашындагы ат чабышта Сараласын чабат. Жолой менен балбан күрөшкө чыгасыңбы дегенде: "Жолобоймун Жолойго Жолу каткан капырга" (Сагымбай Орозбаков, 3. 100, 183, 264), — деп чыкпай коёт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4