Чекилдектер тукуму

Википедия дан
Iris sibirica.

Чекилдектер тукуму (лат. Iridaceae) – өсүмдүктөрдүн бир үлүштүүлөр классындагы тукум. Тамыры сойлоп өсүүчү, жоон жиптей же түймөкчө сымал. Сабагы жок же 10-20 смге жеткен начар өөрчүгөн сабактуу, жалбырактары негизинен тамыр моюнчасына топтолгон. Гүл чөйчөкчөсү жок, 6 үлүштүү желекчеси болот. Аталыгы 3, энелиги бирөө, астыңкы мөмөлүктүү. Мөмөсү – кутуча. Кыргызстанда Ч. т.-нун 4 уруусу 12 түрү кездешет. Алар эрте жазда гүлдөп бүтөт. Адырдын, бөксө тоонун, нымдуу жерлеринде, ошондой эле өзөн бойлоп өсөт. Ч. т-нун бир түрү (Колпаков иридодиктиуму) сейрек кездешкендиктен Кыргызстандын Кызыл китебине катталган. Дагы бир түрү алатоо крокусу өтө кооз, эрте жазда гүлдөйт (азайып), жоголуп бараткан өсүмдүк.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]