Чек араны санитариялык коргоо

Википедия дан

Чек араны санитариялык коргооөлкөгө карантиндик жугуштуу ооруларды киргизбөө максатында жүргүзүлгөн администрациялык, санитариялык жана эпидемияга каршы чаралар.

Карантин оорулары өтө тез тарап, көбүнчө өлүмгө учуратат, аларга чума, холера жана башкалар кирет. Карантин ооруларына кирүүчү жугуштуу оорулардын тизмеси эл аралык макулдашуулар менен аныкталып, белгилүү шартта өзгөрүлүп турат. Чет өлкөдөн келген кишилер (ооруну жугузуп алып, бирок клиникалык белгилери али жок — билинбеген мезгил) карантин ооруларын алып келиши мүмкүн.

Санитариялык жана эпидемияга каршы чараларга чет өлкөдөн келген кишилерди медициналык текшерүү, жүктөрдү жана транспортту санитариялык кароо, ноокасты ооруканага жаткыруу, оорулуу деп күнөм санаган кишилерди жана оорулуу менен бирге болгондорду да бөлүү; транспорт жана күнөм саналган жүктөрдү дезинфекциялоо, карантин оорулары жолугуучу өлкөгө бараткандарды алдын ала эмдөө жана башкалар кирет. Бул чараларды атайын санитария жана эпидемияга каршы мекемелер (санитария-карантиндик пункт) уюштурат. Алар аэропорттордо, деңиз жана суу портторунда, чек ара пункттарында жүргүзүлөт.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8