Мазмунга өтүү

Чендер

Википедия — ачык энциклопедия

Чендер – берилген өлчөмдөгү физикалык чоңдукту кайталап ченөөгө арналган өлчөө каражаттары.

Массанын чени (тараза таштары) же сыйымдуулуктун чени (өлчөөчү стакандар, цилиндрлер ж. б.) болгон жөнөкөй чендерден тышкары, татаал түзүлүштөр да Ч-ге кирет, мис., нормалдуу элементтер (ЭККүнүн чени), электр каршылыгынын чыгырыгы ж.б. Чендер бир маанилүү жана көп маанилүү болуп бөлүнөт. Бир гана өлчөмдөгү физикалык чоңдукту кайра түзүүчү Чендер бир маанилүү Чендер болуп, аларга тараза таштары, ченөөчү колбалар ж. б. кирет. Ал эми ар кандай өлчөмдөгү бир катар чоңдуктарды (мис., бир нече узундукту) кайра түзүүчү Чендер көп маанилүү болот (мис., шкалалуу сызгыч, өзгөрмө сыйымдуулуктуу конденсатор ж. б.). Чендер ар кандай топ түзүшү мүмкүн, мис., тараза таштарынын тобу. Электр чоңдуктарынын Чендер тобу башка тетикче менен жабдылып магазинди (электр каршылыктарынын, сыйымдуулуктардын ж. б.) түзөт.

Чендердин номиналдык мааниси деп Чендер көрсөтүлгөн же ага жазылган чоңдуктун маанисин (1 кгдык тараза ташы, 10 Омдук каршылык чыгырыгы), ал эми чыныгы мааниси деп өз маанисин түшүнөбүз. Чендердин номиналдык жана чыныгы маанилеринин арасындагы айырма болжол менен Чендер каталыгына барабар. Чендерге убакыт боюнча туруктуу болуу талап кылынат. Жиберилген каталыктарынын деңгээлдерине жараша Чендер тактык класстарга бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]