Черенков–Вавилов нурлануусу
Черенков–Вавилов нурлануусу (Черенков–Вавилов эффектиси) – чөйрөдөгү жарыктын фазалык ылдамдыгынан (u) чоң б-н турактуу ылдамдык (ϑ) менен тараган, заряддалган бөлүкчөлөрдүн жарыкты нурлантуусу. Бул кубулушту γ-нурларынын таасири астында эритмелердин γ-люминесценциясын 1934-ж. изилдеп жатканда, П.А.Черенков байкаган.
С.И.Вавиловдун демилгеси менен Черенков жүргүзгөн тажрыйбаларда байкалган нурлануунун төмөндөгүдөй мүнөздүү өзгөчөлүктөрү аныкталган: 1) бардык таза тунук суюктуктардын нурланууну бере тургандыгы жана анын жаркырактыгынын суюктуктардын химиялык курамына көзкаранды болбогондугу; 2) көбүнчө электр талаасынын чыңалыш векторунун баштапкы агым түшкөн багыт боюнча багытталгандыгы, б. а. поляризацияны бере тургандыгы; 3) люминесценциядан айырмаланып, температуралык да, аралашмалык да өчүрүүнү бербей тургандыгы. Мына ушулардын негизинде Вавилов жогоруда байкалган кубулуш люминесценция эмес экендигин далилдеп, суюктукту нурлантканда анда пайда болгон тез тараган электрондор жарыкты нурлантышат деген. Черенков–Вавилов нурлануусун жалаң эле суюктуктар эмес, катуу нерселер жана газдар да берет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0