Мазмунга өтүү

Черткиев Шарапидин

Википедия — ачык энциклопедия

Черткиев Шарапидин ( 12.4.1939-ж. т., Нарын обл., Нарын району, Ак-Кудук айылы) - зоотехник, айыл чарбасы илимдин доктору (2007), проф. (2007).

К.И. Скрябин атындагы КАЧИни (1967), Кыргыз мал чарба жана ветеринария ИИИнин аспирантурасын (1973) бүтүргөн. 1956-65-ж. Нарын обл-да иштеген. 1965-70-ж. Кыргыз мал чарба жана ветеринария ИИИде илимий кызматкер, 1973-78-ж. ага илимий кызматкер, 1978-86-ж. Нарын облусунун совхоздор боюнча башкы зоотехниги, илимий кызматкер, 1986-жылдан КАЧИде кафедранын доценти. Черткиев топоз өстүрүү боюнча адис. Анын Кыргызстанда уй менен топоздон алынган аргын малдын этинин касиети, аргын малды алуу маселелери, топоз өстүрүү технологиясы, топоз чарбасын өнүктүрүү боюнча илимий иштери бар. 75тен ашык илимий эмг-дин, а. и. 1 монографиянын, 1 окуу китебинин автору.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4