Мазмунга өтүү

Чет-Булак кум-шагыл кени

Википедия — ачык энциклопедия

Чет-Булак кум-шагыл кени Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда, Казарман кыштагынан 14 км түштүк-батышта, деңиз деңгээлинен 1400–1600 м бийиктикте. 1977-ж. Түндүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Аллювий кум-шагыл катмары Көгарт суусунун төртүнчү тектиринде жайгашкан. Анын изилденген калыңдыгы 6,35–10 м. Орточо гранулометриялык курамы: 350–70 мм – 6,80%, 70–5 мм – 31,25%, 5 ммден майдасы – 61,95%. Кум-шагыл «200» маркадагы бетонду даярдоого, курулуш ишерине колдонууга жарамдуу. Запасы А – 114 миң м3, В – 250 миң м3, С1– 252 миң м3 А+В+С1– 616 миң м3.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]