Чет өлкөлүк инвестор
Чет өлкөлүк инвестор – КР мыйзамдары боюнча атамекендик инвестор болуп саналбаган жана КР экономикасына инвестиция салууну жүзөгө ашыруучу баардык жеке жана юридикалык жактар, а. и.: чет өлкөлүк жаран деп саналган жеке жак же КРдин чегинен тышкары такай жашоочу жарандыгы жок жактар; юридикалык жактар: чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана катталган; же чет өлкөлүктөрдүн катышы менен түзүлгөн, бирок КР мыйзамдарына ылайык уюштурулган төмөнкүдөй жактар: чет өлкөлүк бир же андан көп жеке, юридикалык жактарга толук таандык; же жазуу жүзүндө келишим, көпчүлүк добуш берүүчү акцияларды сатуу укугу, аткаруу же байкоочу органдардын көпчүлүк мүчөлөрүн дайындоо укугу аркылуу чет өлкөлүк бир же андан көп жеке, юридикалык жактар көзөмөлдөөчү же башкаруучу; же добуш берүүчү акциялардын же чет өлкөдө такай жашоочу чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок жактардын же ушунда аталган юридикалык жактардын менчигинде турган акционерлердин добушунун 1/3 пайызынан кем эмес; КР эларалык келишиминин негизинде түзүлгөн юридикалык жак; юридикалык жак болуп саналбаган чет өлкөлүк уюм; эларалык уюм.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7