Мазмунга өтүү

Чет өлкөлүк түз инвестициялар

Википедия — ачык энциклопедия

Чет өлкөлүк түз инвестициялар - эреже катары, жеке каналдар боюнча келип түшкөн, өкмөттүн кепилдигин талап кылбаган жана өкмөт тарабынан кепилдик берилген мамлекеттик тышкы карызга кирбеген инвестициялар.

Мында инвесторлор жана кредиторлор көбүнесе улуттар аралык корпорациялар жана жеке банктар болуп эсептелет.

Түз инвестициялар дегенибиз пайда табуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагындагы экономикалык иш объектилерине чет өлкөлүк инвесторлордун салымдары болуп эсептелген материалдык жана материалдык эмес жыргалчылыктар, атап айтканда:

  • акча каражаттары;
  • козголмо жана козголбос мүлк;
  • мүлк укуктары (ипотека, мүлк кармоо укугу, күрөө ж. б.);
  • акциялар жана юридикалык жакта катышуунун башка формалары;
  • облигациялар ж. б. карыз милдеттенмелери;
  • акча суммаларына укуктар (талаптар), товарлар, кызмат көрсөтүүлөр жана келишимдерди аткаруу боюнча ар кандай башка талаптар;
  • ишкердик абройду кошкондо, интеллектуалдык менчикке укук, автордук укуктар, патенттер, товардык белгилер, өнөр жайлык үлгүлөр, технологиялык процесстер, фирмалык аталыштар жана ноу-хау;
  • лицензияга негизделген же мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү башка формадагы ишти жүзөгө ашырууга кайсындай болбосун укук;
  • жаратылыш ресурстарын иликтөө, иштеп чыгуу, казып алуу же пайдалануу концессияларын кошкондо, мыйзамга негизделген концессиялар;
  • Кыргыз Республикасынын аймагында алынган жана кайрадан инвестицияланган пайда.

Мүлк инвестициялана турган форма же бул форманын өзгөрүшү анын мүнөзүнө инвестициялар катары таасир тийгизбейт. Чет өлкөлүк түз инвестициялар экономикалык кубулуш катары көп мамилелерде боштук кылат: алар сан жагынан чектелүү, болжолдонушу кыйын, акырында, адилеттүү жана бир кылка бөлүштүрүлүшү менен айырмаланбайт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9