Чет өлкө жактарына бажы жеңилдиктери
Көрүнүш
Чет өлкө жактарына бажы жеңилдиктери – белгилүү бир чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактарды мыйзамда белгиленген бажы режимин жөнгө салуучу жалпы эрежелерди аткаруудан толук же жарым-жартылай бошотуу, же ал жактарга мамлекеттик ички жазма буйруктардын негизинде берилген же андай жеңилдиктерди берүү каралган эларалык келишимдер менен макулдашууларга катышуу аркылуу шартталган артыкчылыктар. КР бажы мыйзамдарына ылайык Ч. ө. ж. б. ж. чет мамлекет өкүлчүлүктөрүнө, анын кызматкерлерине (дипломаттарга, консулдарга), ошондой эле дагы башка жактарга ыйгарылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7