Чеңгелдик механизм

Википедия дан

Чеңгелдик механизм - көз карандысыз кыймылга келтиргичи менен эки аткарылышта болгон механизм: барабаны жана берүүчу механизми бекем кинетикалык, же фрикциондук байланышта.

Акыркысы чеңгелди материалга эркин түшүү ылдамдыгына жакын ылдамдыкта түшүрөт. Чеңгелдик механизм адатта кыймылдуу порталдык жана айланма крандарга, кээде кабелдик крандарга орнотулуп, отун жүктөө жана ташуу үчүн колдонулат. Универсалдуу ныктоочторду автоматташтыруу үчүн да колдонулат. Радиалдык типтеги Чеңгелдик механизм көп звенолуу механизм түрүндө болот, анын жумушчу звенолору (жаактары) тактай (карагай) жүктөөдө колдонулат. Ошондой эле киного тартуучу же кинопроекциялоочу аппараттын фильмдик каналында 1 кадрга кинопленканын үзгүлтүксүз өтүшү үчүн кызмат кылуучу кривошиптүү-шатундук механизм да Чеңгелдик механизм деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4