Мазмунга өтүү

Чикит же чикилдик

Википедия — ачык энциклопедия

Чикит же чикилдик - кыргыздын байыркы элдик оюну.

Тестиер эркек балдардын атайын тобу менен же кээде эки киши болуп да ойнолот. Жоондугу 2 см, узундугу 10-15 см, ал эми эки учу учталган жыгач чикит же балакей. Чикит чабылуучу жоондугу 3 см узундугу 1 метрге жакын ичке таяк эне чикит же энекей деп аталат. Чүчү кулак кармашып, чыкканы чикит чабууну биринчи баштайт.Чикит чабыш үчүн диаметри 1-2 м алкак сызылып, анын ортосуна таяктын учу кенен баткандай сүйрү чуңкурчанын үстүнө туурасынан чикит коюлат. Чикит астынан таяк менен катуу чабылат. Экинчи команданын кишиси учуп барып түшкөн чикитти ал- кактын ичине түшкөндөй кылып кайрадан ыргытат. Эгерде ыргытылган чикит алкактын ичине түшсө, анда чикит чапкан бала чикит чабуу укугуна ээ болот да, чоң чикитти келерки өнөгү ойнойт; эгерде ыргытылган чикит алкактын сыртына түшсө, анда ойноп жаткан бала чикитти бир учуна согуп, ал секиргенде таяк менен чаап мүмкүн болушунча чийинден алыс түшкөндөй аракеттенет.

Чикиттин учуп барып түшкөн жеринен алкакка чейинки аралыкты таяк менен өлчөйт да, аны өзунчө эсептейт.

Оюндун алдында канча таякка чейин (100-150 таяк) ойнолоору тараптар ортосунда макулдашылат. Кайсы тарап белгиленген упайга мурун ээ болсо, ал уткан болот да, жеңилген жактагы балдарды «жазалайт».

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.