Чикит оюну

Википедия дан

Чикит. Кыргыз элинин байыркы оюндарынын бири. Оюн тегиз жерде ойнолот. Оюнга 9 – 17 жаштагы 5 – 1 0 оюнчу ( уул балдар ) катышат. Оюнду жаатташып да, эки эле бала да ойносо болот. Оюнчулар оюндун калысын шайлашат. Калыс оюнчуларды эки жаатка бөлөт. Жаат башчыларын дайындайт. Оюнга жоондугу 2 сантиметр, узундугу 15 – 20 сантиметр келген эки учу учталган жумуру жыгач ( ал чикит делет ), чикит чабыш үчүн узундугу 70 сантиметрден 1 метрге чейинки узундуктагы, жоондугу камчы саптай таяк керек болот. Бул таяк ар кайсы жерде “ чикелдек ”, “ чикеле ”, “ эне чикит ” деген ат менен түрдүүчө айтылат. Диаметри 1,5 – 2 метр келген айлана сызылып, анын дал ортосуна чикит коюлат. Чикиттин астына ( таяктын дал ортосуна ) таяктын учу өткүдөй кичине чуңкур казылат.
Оюнду баштоо алдында оюнчулар канча чикелдек таякка чейин ( мисалы, 200 таяк, 1000 таякка ж.б. ) ойношорун өз ара келишип алышат.
Калыс жаат башчыларын чакырып таяк кармаштырат. Таяк кармашууда оюнду баштоо укугуна ээ болгон жааттын оюнчулары сапка тизилип, кезек менен чикитти чабышат.
Чикит чабууну оюнчу айланадагы чикит туруучу чуңкурга чикитти туурасынан коюп, астынан чикелдек таяк менен көтөрүп жогору ыргытат да, ал жерге түшө электе чикелдек таяк менен катуу чабат. Ойноонун кезегин күткөн экинчи жааттын оюнчулары чикит учкан тарапта жайылып карап турушат. Алардын бири учуп бара жатканда чикитти жерге түшүрбөстөн тосуп алса, оюнду ойноо кезеги экинчи жааттын оюнчуларына берилет. Эгер тосуп ала алышпай чикит алыс учуп барып түшсө, алар чикитти кайра айлананы көздөй ыргытышат. Кайра ыргыткан чикит айлананын ичине түшсө, анда чикит чаап жаткан оюнчу ал саамдагы чикит чабуу укугунан ажырайт да, чикитти кезек күтүп турган өнөгү чабат. Оюнчу ыргыткан чикит айланага жетпей же айланадан ашып барып түшсө ( айлана менен түшкөн чикиттин аралыгына “ эне чикит ” жетпесе ) чикит чапкан оюнчу анын бир учунан таяк менен бир жолу гана секирте уруп же тоголото секиртип, секирген чикитти таягы менен чабат. Чикит учуп барып түшкөн жеринен экинчи жана үчүнчү жолу секиртип чабат. Ошентип, оюнчу чикитти чикелдек таякчасы менен үч жолу секиртет. Оюнчу чикитти секирте албаса же секирген чикитти жаздым чаап алса бир оюнун ойногонго эсеп болот. Акырында чикиттин учуп барып түшкөн жеринен айланага чейинки аралыкты чикелдек таягы менен өлчөп чыгат да, канча таяк болгонун эсептейт. Бир оюнда ар бир оюнчу чикитти үч ирет чабууга укуктуу. Үч жолу чапкандан кийин оюнчу таякты кезек менен күтүп турган өзүнүн өнөгүнө берет.
Биринчи жааттын оюнчулары ойноп бүткөндөн кийин оюнду ойноо кезеги экинчи жааттын оюнчуларына берилет. Оюндун канча саамдан ойнолору оюнга катышкан оюнчулардын санына жараша болот. Белгиленген сандагы чикелдек таякка ( мисалы, 300 таякка ) биринчи ээ болгон жааттын оюнчулары бул оюнда утат. Алар жеңилген жааттын оюнчуларына жаза буюрат. Ал төмөнкүдөй тартипте аткарылат. Жаат башчысынын көрсөтүүсү боюнча жеңген жааттын бир оюнчусу чикитти үч жолу чабат. Мисалы: оюнчу биринчи чапканда чикит 20 метрге, экинчи чапканда 15 метрге, үчүнчү чапканда 15 метрге учса бардыгы 50 метр болот. Жеңилген жааттын бир оюнчусу ошол 50 метр аралыкты демин ичине алган калыпта же дем албастан:
Ак бай,
Ток бай,
Уяттары жок бай.
Катуу жорго кашка тай,
Кадик болгон,
Башка тай.
Катуу чапса чарчаба,
Жеткирбегин башкага.
Үстүндөгү жаш бала,
Уруп кетип ат кага.
Чабалекей, чам – чы – ы – ы – ы – ым ! Зу – у! Чу – у! – деп ызылдаган бойдон чикит чапкан айланага чейин чуркап келиши керек.
Эгер ал оюнчу жогорку сөздөрдү айтып, белгиленген аралыкты чуркап өткөнчө дем алып койсо, анда ошол оюнчу кирген жааттын башчысы жеңген жааттын башчысын араксына көтөрүп алып, ошол аралыкты чуркап өтүшү керек.
Эгер жеңилген жааттын оюнчулары каалашса жана эки жааттын оюнчулары тең макулдашышса, ошондой эле чикит ойногон жер кең түздүк болсо, анда жеңген жааттын ар бир оюнчусу бир жолудан чикит чабат ( улам кийинки оюнчу чикит учуп барып түшкөн жерден чабат ). Оюнчулардын бардыгы чикитти чапкандан кийин чикит канча аралыкка учса, ошол аралыкты жеңилген жааттын оюнчуларынын бардыгы бир токтогон жерден экинчиси улантып, жогорку сөздөрдү кайталоо менен зуулдаган боюнча чуркап чикит чапкан жерге келишет.
Эскертүү: Республиканын айрым жерлеринде чикит чабуунун татаал ыкмалары да колдонулат: чикитти биринчи жолу жакшы чапкан оюнчу алгач чикелдек таякты алаасынан сууруп алып чабат Экинчи аркасынан алып чабат, үчүнчү чикитти жерден чикелдек таягы менен жогору ыргытып жиберип, тегеренип келип чабат, төртүнчү бир бутун көтөрүп туруп чабат ж.б. Мындай ыкмалар 10дон ашык. Бул оюнда ар бир оюнчу этият болуусу керек. Анткени, катуу учкан чикит көзгө, бетке ж.б. жерге тийип, оюнчу жапа чегиши мүмкүн.