Чилустун үңкүрү

Википедия дан
Чилустун, үңкүрү‎»‎ барагынан багытталды)

Чилүстүн үңкүрү - Ош облусунун Араван районун аймагында. Чилүстүн тоосунун түштүк-чыгыш капталында, Араван кыштагынан 1,5 км түндүк-батыш тарапта жайгашкан. Карбон мезгилинин акиташ тектеринде пайда болгон. Карсттык үңкүр үч айрыктан турат; жалпы узундугу 400 м. Эң ири айрыгынын узундугу 85 м, туурасы 40 м, бийикт. 25 м. Чилустун, үңкүрү – Орто Азиядагы эң кооз үңкүрлөрдүн бири. Анда хемоген чөгүндүлөрүнүн бардык формалары кездешет. Үңкүрдүн 1-айрыгынын боорлорунда санскрит, араб, орус тилдериндеги жазуулар бар. Санскритчеси 17-к-га чейин жазылгандыгы божомолдонот. Ошондой эле жергиликтүү элдердин чырактары жана башка байыркы буюмдары табылган. Туристтик-экскурсиялык маршруттарды, дарылоо жайларын курууга эң ылайыктуу. Тарыхчылар үчүн да кызыктуу үңкүр. Бирок ичиндеги кооз таштар талкаланып таланып кеткен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]