Чырчык (шаар)
|
Чырчык
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Чырчык (өзб. Chirchiq / Чирчиқ) — Өзбекстан Республикасынын Ташкент облусундагы шаар[1].
Этимология
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шаар өз аталышын, Чырчык дарыясынын аталышынан алган.
Тарых
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чырчык шаарынын тарыхы 1932-жылдын 28-апрелинде КСРБнин Эмгек жана коргоо кеңеши электрохимкомбинаттын (азыркы учурды бул комбинат «MAXAM-CHIRCHIQ» деп аталат[2]) жана Чырчык-Бозсуу ГЭСтер каскадын куруу туралуу токтомун бекиткен учурдан башталат.
1934-жылы 27-апрелде Өзбек КСРинин Борбордук аткаруу комитеттинин Президиумунун токтому менен Чырчык шаардык кеңеши түзүлүп, 1934-жылдын 1-майында шаарды түптөө аземи болгон. Шаардын расмий түптөлгөн күнү деп 1935-жылдын 1-майы саналат[3].
География
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шаар Өзбекстандын түндүгүндө, Ташкент облусунун ири Чырчык дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан. Дарыянын өрөөнү тектоникалык кыймылдардан келип чыккан жана Каржантау жана Чаткал тоо кыркаларынын ортосунда жайгашкан.
Калк
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2024-жылдын 1-январына карата алынган маалыматтарга ылайык шаардын калкыны саны 172 917 адамды түзгөн[4]. Шаарда негизинен өзбектер жашайт. Ошондой эле казактар, кыргыздар, тажиктер, орустар, украиндер, армяндар, татарлар, корейлер, еврейлер жана башка улуттар дагы бар.
| Жыл | 1939 | 1977 | 1991 | 1999 | 2010 | 2014 | 2022 | 2024 |
| Калкы,
миң адам |
15[5] | 131[5] | 158[6] | 146,4 | 143,6 | 149,4 | 164,8 | 172,9[4] |
Транспорт
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шаарды негизги коомдук транспорту болуп маршруттук таксилер жана Isuzu NP37 маркасында автобустар саналат, алар 20 жакын шаардык каттамдарда иштешет.
Ташкен, Газалкент, Чарвак, Жаңы-Базар жана башка шаарлар менен байланыштырган шаарлар аралык автобус каттамдары дагы бар.
Чырчык аркылуу Ташкен-Кожокен темир жолунун линиясы өтөт. Шаардын өзүндө 3 темир жол станциясы («Боз-Суу», «Чырчык» жана «Аранчы») жана «Максам-Чырчык», «Чирчик Трансформатор заводу» ишканалары өндүргөн продукциларды башка аймактарга ташуу үчүн колдонулган 2 токтоо пункту бар.
Галерея
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Ыйык Георгий чиркөөсү.
- Шаардын борбордук аллеясы.
- Шаардын аймагындагы Боз-Суу дарыясы.
- Келес суу каналы.
- Чырчыктагы ири өнөр жай комплекстери.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Города и районы Ташкентского района
- ↑ MAXAM-CHIRCHIQ заводдунун тарыхы.
- ↑ Гид по Узбекситану. Город Чирчик
- 1 2 Население Чирчика 2024
- 1 2 БСЭ. Чирчик
- ↑ «Современный толковый словарь» изд. «Большая Советская Энциклопедия», 1997 г.
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Чырчык шаарынын расмий сайты
- «Чырчык» гезиттинин расмий сайты Archived 2024-12-08 at the Wayback Machine
