Чогойно чоор

Википедия дан

Чогойно чоор - кыргыз чоору.

Узунунан бойлото кармалып ойнолот,эки башы ачык. Чогойно чоор адатта чатыр гүлдүүлөр түркүмүнө кирген өсүмдүктөрдүн сабагынан жасалат. Добуш өзгөртүүчү көзөнөктөрү жок болгондуктан, Чогойно чоор добуш катары табигый добуштардан гана турат. Чогойно чоордо элдик кыска кайрыктар аткарылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.