Чодоева Кимсан
Көрүнүш
Чодоева Кимсан 1921-жылы 15-сентябрда, азыркы Сузак районунун Кедей-Арык айылында туулган.
- 1930-1935-жылдары Багыш мектебинде окуган.Эмгек жолун 1939-жылы жумушчу болуп иштеп баштап, бригадир, кампачы, согуш учурунда аксакалдардын көрсөтмөсү менен колхоздун башкармасы болуп эмгектенип, колхозду «миллионер» наамына жеткизген.
- Оор мезгилде жетекчилик кызматты мыкты аткаргандыгы үчүн, КПССке кабыл алынган.
- 1947-1949-жылдары Фрунзе шаарындагы Мамлекеттик колхоздордун жетекчи кадрларын даярдоо эки жылдык мектебин бүтүргөн.
- 1952-1954-жылдары Кыргыз Республикасынын Компартиялык мектебин аяктаган.Андан кийинки жылдары Райкомпартиянын катчысы, райондук социалдык бөлүмд үн жетекчиси, финансы бөлүмүнүн жетекчиси, Винсовхоз айыл кеңешинин төрайымы болуп эмгектенип,
- 1963-жылдан «Дружба» совхозунун жаңы курулган балдар бакчасынын жетекчиси болуп иштеп жатып,
- 1964-жылы ардактуу эс алууга чыкса да, 1971-жылга чейин иштеген.
- Бир нече жолу райондук, областтык кеңешке депутат болуп шайланган.
- 2 кыздын энеси.2014-жылы дүйнөдөн кайткан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3