Чойбеков Базарбек Асанович

Википедия дан

Чойбеков Базарбек Асанович (1. 3. 1959-ж. туулган, Суусамыр кыштагы) - жетекчи кызматкер.

Кесиби жол куруу инженери. Фрунзе политехника институтун бүтүргөн (1988).

Эмгек жолун ошол эле жылы Сосновка кыштагындагы Жол эксплуатациялоочу пунктта (ЖЭП-9да) жол мастери болуп баштаган. Төө-Ашуудагы Көлбаев К. К. атындагы тешкен тоодо начальник (1994-99), Суусамырдагы ЖЭП-29да начальник (1999- 2000), Бишкек-Ош жолун реаблитациялоо боюнча «Самсунг» корпорациясында инспектор (2000-01), ЖЭП-9да башкы инженер (2001-08), ЖЭП-Збда (2008-09), Сосновкадагы ЖЭП-9да начальник (2009-жылдан) болуп эмгектенүүдө.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Кожотай уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9