Мазмунга өтүү

Чокоев Койчубай

Википедия — ачык энциклопедия

Чокоев Койчубай (1920, Суусамыр кыштагы -1991, ошол эле жер) - согуштун жана эмгектин ардагери, ага лейтенант.

  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, III топтогу согуштун майыбы.
  • 1939-ж. 8-классты бүтүргөн.
  • 1942-ж. мартта армияга чакырылып, 1943-жылга чейин курсант, 1943-жылдын январынан сентябрга чейин улук лейтенант чининде стройвзводдун командири катары 2-Украина фронтунда фашисттик Германияга каршы согушат.
  • 1943-ж. сентябрда жарадар болуп, 1944-ж. апрелде согуштан кайтат.
  • Согуш мезгилиндеги каармандыгы жана көрсөткөн эрдиги үчүн I даражадагы Ата Мекендик согуш ордени жана юбилейлик (25, 40 жылдык),
  • 1988-ж. СССР куралдуу күчтөрүнө 70 жыл, 1979-ж. «Эмгек ардагери» медалдары менен сыйланган.
  • 1945-52-жылдары Кыргыз Республикасынын гидрометеорология кызматы боюнча Суусамыр участкасында байкоочу, техникгидролог болуп эмгектенип келген.
  • Кийинчерээк Суусамыр керек-жарак коомунда, Суусамыр МЖСинде, башкы кой чарба бирикмесинде кампачы, инспектор жана башка жумуштарда иштеген.
  • Жолуке уруусунан.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9