Чокой

Википедия дан

Чокой - кышында кийилүүчү кончтуу, такасыз, жылуу бут кийим. Материалына карай тери чокой, кийиз чокой деп айырмаланат. Тери чокой көбүнчө бодо малдын чылгый (кээде ийленген), бучкак жана баш терисинен (жыдытылып же жыдытылбай) кончу узун же кыска, тигиштери сыртына келтирилип, ызгыт коюлуп көктөлүп жасалган. Кийгенде кызыл ашыктан кайыш боо (чокой боо) менен байланган. Кийиз Чокой койдун күзгү жүнүнөн басылып жасалып, кээде таманы кийиз же шири менен капталат. Чокойдун чоро чокой, чарбакча чокой, үйүрмө чокой, жеркен чокой, мөкү чокой, тайпак чокой, чанач чокой жана башка түрлөрү болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • А.А. Асанканов, Кыргыз тарыхы: Энциклопедия, Бишкек, 2003 ISBN 5-89750-150-5