Мазмунга өтүү

Чолпон-Ата айыл өкмөтү

Википедия — ачык энциклопедия

Чолпон-Ата айыл өкмөтү - Токтогул районундагы администрациялык-аймактык бирдик.

Облустун борбору Жалалабат шаарынан 360 км, райондун борбору Токтогул шаарчасынан 43 км батышта, Ташкөмүр темир жол бекетинен 273 км аралыкта. Чолпоната, Актектир, Каракүңгөй, Мазарсуу айылдары карайт.

Калкы 6530 (2004); негизинен мал чарбасында жана талаачылыкта эмгектенет. Жалпы жеринин аянты 22,5 миң га, кайрак жери 300 га. Май чыгаруучу цех, 2 тегирмен, устакана иштейт. Төрт орто мектеп, 4 китепкана, оорукана, 3 фельдшер-акушердик пункт, айылдык врачтык амбулатория, 3 байланыш бөлүмү, мындан тышкары Токтогул Сатылганов, Жоомарт Бөкөнбаевдин мемориалдык музейлери бар.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5