Мазмунга өтүү

Чолпон-Ата минералдуу суусу

Википедия — ачык энциклопедия

Чолпон-Ата минералдуу суусу Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы дарылык касиети бар жаратылыштагы ысык суу. Кара-Ой жана Булансөгөттү кыштагынын аралыгында, Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде. 1962-ж. табылган. Жер астындагы ысык суу жаткан аймакта палеозойдун жана антропогендин чөкмө тектери кездешет. Минералдуу суу плиоцендин кумдук жана аргиллит тоотектеринде, 906–1500 м тереңдикте топтолгон. Суу бургулоо көзөнөктөрүнөн чыгарылган. Жалпы суткалык чыгымы 1736 м3. Температурасы 48°С, минералдуулугу 15–40 г/л. Курамы боюнча Паланга (Латвия), Славянск, Трускавец (Украина) курортторунун сууларына окшош. Химиялык курамы боюнча хлорид-сульфат-натрий-калийлүү, микрокомпоненттерден бром (8–14 мг/л), иод (1,0–3,2 мг/л), молибден (0,8 мг/л), цинк (0,02 мг/л), фтор (0,5–3,2 мг/л) кезигет. Суу азоттуу, бирок аз өлчөмдө көмүр кычкыл газы, гелий, метан бар. Муун, тери ооруларын түшүү; бөйрөк, ашказан ооруларын ичүү жолу менен дарыласа болот. «Ысык-Көл», «Казакстан», «Көгүлтүр Ысык-Көл» ж. б. санаторийлерде кеңири пайдаланылат. Запасы А категориясы боюнча суткасына 0,527 миң м3, В – 0,518 миң м3, С1–2,073 миң м3, баардыгы 3,118 миң м3.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]