Чолпон-Ата таш бетиндеги сүрөттөр

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Чолпон-Ата таш бетиндеги сүрөттөр - коло доорунан орто кылымга чейинки доорго таандык ташка чегилген сүрөттөр.

Чолпон-Ата шаарынын түндүк чет-жакасынан Күнгөй Ала-Тоосунун этегине чейинки аймакта жайгашкан. Бука, ит, жолборс, каман, жаачы, коён, төө, эчкилердин, бугулардын, уруулук эн тамга, ошондой эле сактардын кылычынын (акинак) сүрөттөрү кездешет. Алар гранит таштардын капталдарына тартылган. Петроглифтер тууралуу алгачкы кабарды 19-кылымдын аягында В. В. Бартольд жана С. М. Дудин маалымдаган. 1987-88-ж. археологдор Д. Ф. Винник, Г. А. Помаскина (1975), Я. А. Шер (1980) жана Кемеров университетинин археол. изилдөө экспедициясы, 2010-13-ж. археологдор Т. Чаргынов, К. Ташбаева, О. Солтобаевдер Түштүк Корея археологдору менен бирдикте изилдеген. 1990-ж-дан сүрөттөрдү сактап калуу максатын, да калыбына келтирүү иштери башталган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4