Жакупова Чолпон Идиновна

Википедия дан
Чолпон Жакупова‎»‎ барагынан багытталды)

Жакупова (Джакупова) Чолпон Идиновна (1959-жылы 25-мартта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Стельников айылында туулган) --«Адилет» Укуктук Клиникасы» Коомдук Фондунун директору [1], 2015-жылдын октябрынан бери «Бир Бол» фракциясынан Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты болуп келген.2017-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөргө макул эместигинен улам депутаттыктан баш тарткан.

Билими жана илимий даражасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Archived 2020-07-17 at the Wayback Machine тарых факультетинин, ошондой эле Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын бүтүрүүчүсү. Тарых илимдеринин кандидаты, 2 монографиянын, 7 окуу китебинин жана адам укуктары боюнча 9 жыйнактын автору.

Коомдук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек жолун 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1995-жылы Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Миграция департаментинин директору, андан кийин миграция боюнча регионалдык борбордун директорунун орун басары болуп иштеген. 1999-жылдан тарта “Миграция жана качкындар маселеси боюнча регионалдык борбор” коомдук фондунун директорунун орун басары болуп иштеген.

2002-жылдан бери “Адилет” укуктук клиникасы” коомдук фондунун негиздөөчүсү жана директору

«Адилет» Укуктук Клиникасы» Коомдук Фондунда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Адилет» Укуктук Клиникасы» Коомдук Фонду – Кыргызстандагы эң ири укук коргоо уюмдарынын бири, ал бүгүнкү күндө өзүнүн катарына 40 юристтерди жана адвокаттарды, ошондой эле юридикалык кесипте окуп жатышкан студент-волонтерлерди бириктирип турат. Клиника өздөрүнүн укуктарын жана эркиндигин коргоого муктаж калктын өтө аялуу катмаларына акысыз укуктук жардамдарды көрсөтөт, алар:

  1. Мыйзам менен чатагы бар жашы жетпегендерге
  2. Качкындарга жана башпаана издеген адамдарга
  3. Айыл жериндеги жашаган аялдарга
  4. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга
  5. Апатриддерге [2]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2008-жылы Жакуповага адам укуктарынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн “Эң кайраттуу аял” сыйлыгы ыйгарылган [3]

“Альфа” атайын багыттагы күчтөрдүн ардагерлеринин коомдук бирикмесинин Ардак грамотасы

Миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өнүктүрүүгө кошкон салымы жана эмгеги үчүн көптөгөн грамоталары жана сертификаттары, Жогорку Кеңештин медалы бар.

Жеке турмушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жолдошу каза болуп калган, эки баланын энеси.

Кошумча маалымат үчүн:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фейктер боюнча мыйзамды жокко чыгаруу зарылдыгы айтылды. Азаттык үналгысы. 15-Февраль, 2022

Дарья Подольская. Антиконституционной назвала Чолпон Джакупова идею Минкульта по блокировке сайтов. ИА «24.kg», 21 февраля 2022

Мундузбек Калыков. Деградация, кустуризация и справедливость за деньги. Правозащитница Джакупова пожаловалась Жапарову на суды и правоохранителей. kloop.kg, 06 октября, 2021,

Джакупова Чолпон Идиновна — биография. Sputnik Кыргызстан, 12.12.2016 (обновлено: 14:39 20.12.2021)

«Адилет» Укуктук Клиникасы» Коомдук Фонду. Публикациялар.