Мазмунга өтүү

Чолпон Орозобекова

Википедия — ачык энциклопедия
Чолпон Орозобекова. 17.11.2023.


Чолпон Орозобекова (Cholpon Orozobekova) — 1975-жылдын 17-ноябрында мурдагы Кыргыз ССРинин (азыркы Кыргызстандын) Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда төрөлгөн. Ал Женевада жашап, жаңжалдарды талдоо жана коопсуздук маселелери боюнча адис, атап айтканда, терроризмге каршы күрөш, климаттын өзгөрүшү жана кайра жаралуучу отун-кубат тармактары боюнча адис. Ал Женевадагы «Bulan Institute for Peace Innovations» («Булаң Тынчтык Саамалыктары Институту») деген тынчтыкты орнотуу боюнча эл аралык уюмдун негиздөөчүсү жана директору. Чолпон кыргыз, орус, англис жана француз тилдеринде сүйлөйт.

Кыскача өмүр таржымакалы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чолпон Орозобекова 1975-жылдын 17-ноябрында Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда мугалимдер үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал ошол учурда «Пограничник» деп аталган (азыркы Казыбек айылы) кыштактагы орто мектепте окуган. Айыл кийин сталинизмдин курмандыгы болгон, большевиктерге каршы ыр жазганы үчүн өлтүрүлгөн диссидент акын Казыбек Мамбетимин уулунун (1901–1936) ысымы менен аталып калган.

Чолпон Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен педагогика боюнча бакалавр даражасын алган.
Ал Женевадагы үч мамлекеттик жогорку окуу жайдан магистр даражаларын алган:

  • Эл аралык мамилелер жана саясий илимдер боюнча магистр (Женева эл аралык изилдөөлөр институту, 2017-ж.);
  • Эл аралык жана европалык коопсуздук боюнча магистр (Женева университети, 2014-ж.);
  • Эл аралык сүйлөшүүлөр жана саясат жүргүзүү боюнча аткаруучу магистр даражасы (Женева эл аралык изилдөөлөр институту, 2013-ж.).

Учурдагы кызматы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Учурда Чолпон Орозобекова «Bulan Institute for Peace Innovations» уюмунун директору болуп иштейт. Ал институтту 2017-жылы негиздеген, ал эми уюм 2018-жылдын 18-майында Швейцариянын Женева шаарында расмий түрдө бейөкмөт уюм катары катталган. Институт Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча иш жүргүзөт, өзгөчө Борбор Азия аймагына көңүл бурат. Климаттын өзгөрүшү жана кайра жаралуучу отун-кубат боюнча программасы климаттын өзгөрүшүн жумшартуу жана кайра жаралуучу энергия булактарын жайылтуу долбоорлорун ишке ашырууда.
2024-жылдан тартып институт И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен биргеликте «Күн кубаты боюнча көндүмдөрдү өнүктүрүү» долбоорун ишке ашырууда.

Медиа тармагындагы тажрыйбасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чолпон дээрлик 20 жыл бою жергиликтүү жана эл аралык медиа уюмдарда иштеген. Ал Кыргызстандагы көз карандысыз “De-Facto” гезитинин негиздөөчүсү жана башкы редактору болгон.
Ошондой эле ал RFE/RL (“Азаттык” үналгысы), BBC, IWPR жана «The Diplomat Magazine» сыяктуу эл аралык медиаларда иштеген.
2002–2007-жылдары ал Бишкектеги “Медиа-Ордо” аттуу бейөкмөт уюмдун директору болгон. Бул борбор журналисттердин кесиптик өнүгүүсүнө арналган долбоорлорду ишке ашырган.

Чолпон Орозобекова турмушта, үч кыздын энеси. Анын күйөөсү — кыргыз журналисти Жеңишбек Эдигеев. Ал Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. Ал төрт китептин, анын ичинде эки кыргыз-француз сөздүгүнүн автору.

Жарыяланган эмгектери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чолпон Орозобекова «Foreign Fighters and International Peace: Joining Global Jihad and Marching Back Home» («Чет элдик жоочулар жана эл аралык тынчтык: Глобалдык жихадга кошулуу жана үйгө кайтуу») аттуу китептин[1] автору. (Жарыяланган: [Bloomsbury](https://www.bloomsbury.com/us/foreign-fighters-and-international-peace-9780761873709/)).
Ал ошондой эле куралданган дрондорду жөнгө салуу боюнча илимий макаланын тең автору болгон — бул изилдөө Женева коопсуздук саясаты борборунда жарыяланган ([булак](https://dam.gcsp.ch/files/doc/regulating-and-limiting-the-proliferation-of-armed-drones-norms-and-challenges)).
Анын «The US drone policy under International Law» («Эл аралык мыйзам алдындагы АКШнын дрон саясаты»)[2] аттуу макаласы Исламабаддагы Аймактык изилдөөлөр институту тарабынан жарыяланган ([булак](https://irs.org.pk/spotlight/spnd2015.pdf)).
Чолпон ондогон илимий баяндамалардын жана саясаттык талдоолордун автору жана калемдеш автору — алардын темалары куралчан топтор, терроризмге каршы күрөш, климаттын өзгөрүшү жана кайра жаралуучу отун-кубат маселелерине арналган.


Ал тууралуу адабият

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Эдигеев, Жеңишбек. Дайралар артка агышпайт. Бишкек, 2018.
  • Эдигеев, Жеңишбек. Көк дептер. Бишкек, 2022.


Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Ички шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. https://www.bloomsbury.com/us/foreign-fighters-and-international-peace-9780761873709/
  2. https://irs.org.pk/spotlight/spnd2015.pdf