Чомой чапты
Чомой чапты - 1820-жылдары Олуя-Атадагы Кокон хандыгынын Ташкендеги кушбеги Мураталы кыпчактын эки миң колу Суусамырдын күн батышындагы Дубан-Кечүү өрөөнүндө Чомой баатыр жана анын жигиттери тарабынан кырылган жер «Чомой чапты» деп аталып калган.
Бул кандуу майдан азыркы БишкекОш автомобиль жолунун 169 кмде Суусамыр суусунун сол өйүзүндөгү Корумду тоосу менен кездешкен кемеринде болгон. Ошол чабыш болгон кезде Суусамырда нөшөрлөп жамгыр жаап, мөндүр аралаш карга айланат.
Мураталынын колу кымгуут түшүп, жан далбас кыла Суусамыр суусунун кемери аркылуу качып өтмөкчү болуп жарга капталат да, чабуулга туруштук бере албай катуу кирген сууга кулап түшүп, агып кете беришет.
Кокондуктардын колу бүт кыйрап, Мураталы баштаган бир топ адамы колго түшөт. Ошондо Чомойдун ишенген жигити атактуу Өмүрөк: Кыпчакты кырып алам, Сартты сайып алам, Багыш менен Базысты басып алам,деп кыйкырып, сууга аккандарды улам жээкке чыгарбай сайып, жөө чуркап турган экен.
Бул тарыхый жер эл тарабынан Чомой баатырга коюлган түбөлүк эстелик болуп калды.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9