Чонтоев Догдурбек Токтосартович
Чонтоев Догдурбек Токтосартович (10-декабрь 1966-ж. т., Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Дархан кыш.) — географ, география илимдеринин доктору (2014), профессор. КРнын Билим берүүсүнүн отличниги (2014)
КМУнун география (1991), юридика (1997) ф-тин бүтүргөн. К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде окутуучу (1991-2002), кафедра башчысы (2002-04), Табиятты колдонуу жана туризм институтунда директор (2004-06), ошол эле жерде декан (2006-07). 2007-жылдан М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин менеджмент жана туризм ф-тинде декан, билим берүүнүн сапатын сактоо бөлүмүнүн башчысы. Негизги илимий эмгектери туризм географиясына арналган. 40тан ашуун илимий эмгектин, 3 окуу-методикалык куралдын жана 2 монографиянын автору.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4