Чон Ми Сон

Википедия дан
Чон Ми Сон
전미선
Туулган датасы:

7 -декабрь 1970(1970-12-07)

Туулган жери:

Сеул, Түштүк Корея

Өлгөн датасы:

29 -июнь 2019(2019-06-29) (48 жаш)

Өлгөн жери:

Жонжу, Түштүк Корея

Жарандыгы:

 Корея Республикасы

Кесиби:

актриса

Карьерасы:

1986 - 2019

IMDb:

ID 0432429

Чон Ми Сон (кор. 전미선, англ. Jeon Mi-seon) — Түштүк Кореялык актриса.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чон Ми Сон 1970-жылы 7-декабрда Сеул шаарында туулган. 1986-жылы биринчи жолу сериалга тартылган. Актриса 20га чукул тасма, 50гө жакын сериалдарда роль жараткан. Алардын арасында "Таң калычтуу үй-бүлө", "Чикагодон алынган жазуучу машина", "Желмогуздун күзгүсү", "Айдын кучагындагы Күн" сериалдары бар. Ал 2006-жылы Пак Сан Хун аттуу операторго турмушка чыккан. Алардын бир уул жана бир кызы бар.

Өлүмү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2019-жылы 29-июнда Түштүк Кореялык актриса Чон Ми Сон 48 жашында өзүн-өзү асып каза болгон. Анын жансыз денеси Жонжу шаарындагы мейманканадан табылган. Актрисанын жансыз денесин анын тааныштарынын бири мейманканадагы жуунуучу бөлмөдөн тапкан. Ал полиция жана "Тез жардамды" чакырган, бирок анын каза болгону аныкталып. Актриса өзүн-өзү асып алгандыгы маалымдалган.29-июнда күндүз жана кечинде Чон Ми Сондун катышуусунда Жонжу шаарында пьеса коюлмак. Окуяга байланыштуу пьесанын күндүзгү сеансы коюлбай турган болуп. Ал эми кечки сеанска анын ордуна башка актриса чыгарылган

Тасмаграфиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]