Чормонов Бакас Шаршембиевич

Википедия дан

Чормонов Бакас Шаршембиевич (1921, Ысык-Көл району, Темир кыш., - 1989, Бишкек) - экономикалык геогр. багыты боюнча көрүнүктүү илимпоз жана педагог, агартуучу.

Кыргыз Респ-нын эл агартуусунун отличниги (1946), СССР жогорку окуу жайларынын отличниги (1981), география илиминин кандидаты, доцент, профессор. Орто мектепти Херсон облусунун (Украина) Чельбасы айылынан бүткөн. 1941-46-ж. Ысык-Көл районун Темир айылындагы орто мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы, директору, ошол эле райондун жана 1946-51-ж. - Жалал-Абад облустук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы. 1951-54-ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин студенти, 1954-89-ж. КМУнун геогр. факультетинде ага окутуучу, доцент, профессор. Кыргызстандын өнөр жайынын, шаарларынын географиясы, географияны окутуунун методикасы боюнча 90дон ашык илимий-методикалык эмгек жазган.

Монографиялары: «Промышленный прогресс Кыргызской ССР», «Өнөр жайы өнүккөн Өрөөн», «Өз крайыңды үйрөн» ж. б. Кыргызстандын телекөрсөтүүсүндө «Кино - саякатчылар клубун» уюштуруп, өмүрүнүн акырына чейин аны алып баруучу болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2