Чоров, Маматкан Жетимишович

Википедия дан

Чоров, Маматкан Жетимишович (1953-жылы Талас району туулган) - педагогика илиминин доктору (2003), профессордун милдетин аткаруучу (2001). Кыргыз Мамлекеттик университетинин биология факультетин (1975), Кыргыз топурак таануу институтунун алдындагы аспирантураны (1981) бүтүргөн.

Инженер ихтиопатолог, Мамлекеттик токой чарба комитетинде жаратылышты коргоону жайылтуу боюнча методист, Ысык-Көл коругунда, Кыргыз топурак таануу институтунда илимий кызматкер. И. Арабаев атн. КМПУда окутуучу, доцент, ж. б. кызматтарды аркалап келген. 50-дөн ашык илим эмгектерди жарыкка чыгарган. Алардын ичинде 3 монография, 7 окуу-методикалык колдонмолору бар.

Жараткан эмгектери үчүн бир нече жолу Министирликтин грамоталары менен сыйланган. 1996-ж. КР «Элге билим берүүсүнүн эң мыктысы» деген төш белги алган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004