Чочунбаева, Динара Илимбековна

Википедия дан

Чочунбаева Динара Илимбековна – сүрөтчү, “Оймо”[1] салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк эл аралык фестивалынын башкы директору, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун Башкармалыгынын мүчөсү, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү боюнча изилдөөчү жана эл аралык эксперт, ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурасы боюнча эксперти. Буга чейин Азия-Тынч океан регионунун Кол өнөрчүлүк кеңешинин Борбор Азия боюнча вице-президенти болчу[2].

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Динара Чочунбаева 1956-жылы 5-сентябрда Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1971-жылы көркөм сүрөт окуу жайынын декоративдик бөлүмүн аяктаган. Ошол эле мезгилде И.Поплавскаянын “Мен – Тянь-Шань” тасмасында Аселдин ролун аткарган. Бул тасма Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” (“Делбирим”) повестинин негизинде тартылган. Динара Чочунбаева 1978-жылы Москва полиграфиялык институтунун басма продукциясын көркөм тариздөө бөлүмүн аяктаган.

Кесиптик ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Динара Чочунбаева 1978-1979-жылдары “Кыргызстан” басмаканасында көркөм редактор болуп иштеген. 1980-жылдан бери СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Мындан тышкары, Чочунбаева билим берүү, маданият, искусство, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо жаатында ар кандай уюмдарды түзгөн:

  • Республикалык эстетикалык тарбия берүү борбору (РЭТББ) (1986-жылы), аталган борбордо 16 жыл директор болуп иштеген (1986-2002-ж.ж.);
  • “Таланттарды колдоо фонду” (1992-жылы), билим берүү жана маданият чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча коомдук уюм болуп саналат;
  • Майып балдарды искусство аркылуу социалдык реабилитациялоо үчүн РЭТББга караштуу “Өзгөчө балдардын мектеби” жана Балдардын Медиа борбору (1995-жыл);
  • “Кыргыз стили” салттуу жана заманбап маданиятты өнүктүрүү борбору (1996-жыл);
  • “Кол өнөрчүлүк жана салттуу билим” коомдук фонду (2006-жыл).[3]

Динара Чочунбаева – КР Сүрөтчүлөр союзунун башкармалыгынын мүчөсү. 2004-жылы Азия-Тынч океан регионунун Кол өнөрчүлөр кеңешинин вице-президенти болуп дайындалып, ЮНЕСКОнун Борбор Азия боюнча сыйлык программасынын координатору болгон. 2005-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун Ревизиялык кокомиссиясынын төрайымы. Муну менен катар “Борбор Азия элдеринин салттуу кол өнөрчүлүгүн колдоо ассоциациясын” жетектейт. Ошондой эле Швейцариянын Кызматташтык боюнча бюросунда искусствону жана маданиятты колдоо программасынын менеджери да болгон.[2]

Учурда Борбор Азиядагы кол өнөрчүлүктү колдоо ассоциациясынын (CACSARC-kg) Кыргызстандагы Ресурстук борборун жетектейт.[3]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги” наамы (1995-жылы);
  • “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы (2003-жылы);
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы (2014-жылы);[4]
  • КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык “Шериктештик жылдызы” сыйлыгы (2014-жылы).[5]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://ru.sputnik.kg/20210817/festival-oymo-2021-kultura-remeslo-1053573937.html
  2. 2.0 2.1 https://www.kino-teatr.ru/kino/acter/sov/259684/bio/
  3. 3.0 3.1 https://azcarpetmuseum.az/front/ru/moreNews/637(жеткиликсиз шилтеме)
  4. https://kazakhstan.britishcouncil.org/ru/creative-central-asia/кыргызстан
  5. https://limon.kg/ru/news:66072