Чоңатаев Осмонбай

Википедия дан

Чоңатаев Осмонбай (1938, Сары-Булак айылы - 19. 4. 2012, Жаңы-Базар айылы) - коомдук ишмер.

  • Кыргыз мамлекеттик университетин бүткөн (1969).
  • Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн (1957-60).
  • 1956-57-жылдары Н. Крупская атындагы сегиз жылдык мектепбинин мугалими,
  • 1960-64-жылдары Фрунзе шаарындагы “Физприборы” заводунун жумушчусу,
  • 1964-65-жылдары Чаткал орто мектебинде пионер уюмунун жетекчиси,
  • 1965-67-жылдары“Чаткал” совхозунда комсомол комитетинин катчысы,
  • 1967-70-жылдары Чаткал орто мектебинин мугалими,
  • 1970-75-жылдары ушул мектептин тарбиялык иштери боюнча директордун орун басары,
  • 1975-80-жылдары мектеп директору,
  • 1980 83-жылдары Чаткал айылдык кеңешинин төрагасы,
  • 1983-86-жылдары Чаткал орто мектебинин директору,
  • 1986-94-жылдары Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Каныш-Кыя айылындагы №46 КТОЖдун директору болуп иштеген.
  • Бир нече жолу айылдык, райондук кеңештин депутаты болуп шайланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6