Чоңбаш (Нармантай)

Википедия дан

Чоңбаш (Нармантай) Ысык-Көлдүн Түргөн өрөөнүнөн чыккан 18-кылымдын залкар манасчысы таржымалы жана чыгармачылыгы тууралуу так маалымат жок. Кадимки Тыныбек жомокчунун устаты, өз доорунун эң көрүнүктүү манасчыларынын бири Чоңбаштын өз аты Нармантай. Башынын чоңдугунан улам жогоркудай ылакап атка ээ болгон.

Чоңбаштын манасчылыгы тууралуу маалыматтар сакталган эмес. Андан таалим алган Тыныбек гана, Чоңбаш кандай ырчы эле дегенде: “Чоңбаш кыргыздын эң алдыңкы жомокчуларынын бири эле. “Чоңбаштын жомогу ай!”-дегенде элдин оозунан көк түтүн буркурайт эле!”- деп тамшанып алчу дешет. Ал тургай, айтылуу Келдибек менен Акылбекти “Чоңбашчалык ырчы эмес экен” – деп, Тыныбек өз устатынын өнөрүн жогору баалачу дейт. Буга караганда, манасчылар Келдибек менен Акылбектен өнөрү аша түшпөсө да, ошолорго теңтайлашкан, өз учурунун беделдүү манасчыларынан болгону айныксыз.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]