Мазмунга өтүү

Чоң-Көл

Википедия — ачык энциклопедия

Чоң-Көл — Кыргызстандагы тоо көлдөрүнүн бири. Бул көл Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарына жакын жайгашкан. Географиялык координаттары: 41°30′33.0″ түн. кеӊ., 72°42′38.9″ чыг. уз. Көлдүн жалпы аянты болжол менен 77 702 м² (7,77 гектар), ал эми периметри 1,79 км. Кара-Көлдөн Чоң-Көлгө чейин аралык болжол менен 18,5 км түзөт (жөө 5 саат, унаа менен 1,5 саат).

Көл жогорку тоолуу ландшафтта жайгашып, табигый кооздугу жана таза суусу менен айырмаланат. Суу тузсуз (пресная), жана ал башка булактар менен кошулуп Нарын дарыясына агып түшөт. Кышында көл толугу менен музга айланат.

Табигый өзгөчөлүктөрү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көлдө жапайы өскөн өсүмдүктөр менен катар, кээ бир мезгилдерде үйүр-үйүр болгон өрөңкүлүү өрдөк (утки) жана ар кандай балыктардын түрлөрү кездешет.

Мифология жана элдик ишенимдер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чоң-Көл жергиликтүү эл арасында ыйык көл катары эсептелет. Аймактын тургундары көлдө жуунууга, сүзүүгө тыюу салышат. Эл арасында айтылган айрым уламыштарга ылайык, мурда бул жерде түнкүсүн көлдүн бетинде сүзүп жүргөн "көрүнбөгөн" төө (верблюд) байкалган. Ошондой эле, тургундардын айтымында, тургун Шаменов Аттокур бир нече жолу көл үстүндө сүзүп жүргөн кичинекей аралчаны жана анын үстүндө өскөн березаны (кайыңды) көргөн.

  • Жергиликтүү тургундардын оозеки маалыматы
  • Google Maps аркылуу өлчөнгөн көлдүн аянты жана координаттары