Чоң-Таш көлү

Википедия дан
Чоң-Таш көлү
Деңиз деңгээлинен бийиктиги

2590 м

Узундугу

0,800 км

Туурасы

0,380 км

Аянты

0,23 км²

Көлөмү

3,95 млн км³

Эң терең жери

33 м

Чоң-Таш көлү - Жумгал кырка тоосунун түштүк капталында жайгашкан көл. Көлмө суусунун өрөөнүндө. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 2590 м. Узундугу 800 м, эң жазы жери 380 м, аянты 0,23 км, көлөмү 3,95 млн м, эң терең жери 33 м. Көл чанагы байыркы мөңгүнүн мореналары суунун өрөөнүн бөгөп калышынан пайда болгон. Көлгө Көлмө суусу куюлат. Көл бөгөтү калың бадал менен капталган байыркы зор этек моренаны элестетет. Морена жалчасынын эни 400-500 м келип, көлдүн деңгээлине 40-50 м көтөрүлүп жатат. Бөгөттүн сол жак капталындагы жыраң аркылуу суу чыгат. Көл суусу тосмонун арасынан сарыгып агат. Акыркы жылдары көлдүн деңгээли бөксөрүүдө.