Чоң Аксуу мөңгүлөрү

Википедия дан

Чоң Аксуу мөңгүлөрү - Күнгөй Алатоонун түш. капталында.

Чоң Аксуу суусунун төрүндө жайгашкан татаал өрөөн тибиндеги ири үч мөңгү. Чыгыш Чоң Аксуу мөңгүсүнүн уз. 4,1 км, аянты 6,3 км2. Башы деңиз деңг. 4600 м, этеги 3360 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4020 м. Абляция облусунун аянты 4,1 км2. Куралуу облусу татаал. ОртоңкуЧоң Аксуу мөңгүсүнүн уз. 3,6 км, аянты 6,2 км2. Башы деңиз деңг. 4720 м, этеги 3320 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4120 м. Абляция облусунун аянты 2,2 км2. Куралуу облусу татаал. Чоң Аксуунун алабындагы эң ири мөңгү – Батыш Чоң Аксуу мөңгүсү. Анын уз. 6,1 км, аянты 8,1 км2 (а. и. 4,1 км2 абляция облусу). Мөңгүнүн башы 4600 м, этеги 3380 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4050 м. Куралуу облусу жөнөкөй циркте жатып, мөңгүдөн омкорулма муздар аркылуу бөлүнөт. Бул 3 мөңгүдөн башталган суулар Чоң Аксууга куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2